Ссылки доступа

Чыгыш Гутада «гуманитардык тыныгуу» үчүнчү ирет бузулду


Сирияда ок атышууну токтотуу резолюциясы кабыл алынганына карабастан өлкөнүн Чыгыш Гута анклавындагы кырдаал курчуп кетти. Бул тууралуу БУУнун гуманитардык маселелер боюнча атайын чабарманынын жардамчысы Ян Эгеланн Женевадагы брифинг маалында билдирди.

Ал Орусия сириялык режим менен биргеликте уюштурган Чыгыш Гутадагы гуманитардык коридорлор натыйжасыз болуп жатканын белгиледи. Анын пикиринде, карапайым элди эвакуациялоо үчүн бир күндө беш саат аздык кылат.

Бейшембиде Чыгыш Гутада үчүнчү ирет «гуманитардык тыныгуу» режими бузулуп, ок атылды. Орусия буга кайрадан козголоңчуларды айыптады.

Буга чейин козголоңчулар Орусия адамдарды эвакуациялоодо коопсуздукту камсыз кыла албастыгын билдиришкен. Орусия гуманитардык коридорду жакшы уюштура албай жатканын Эл аралык Кызыл чырым уюму менен Сириядагы адам укутарына көз салган обсерватория дагы белгилеген.

Февралдын соңунда Чыгыш Гутадагы бомбалоодон бир нече күндө эле жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылган. Мындан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сириянын аймагында 30 күнгө ок атууну токтотуу тууралуу резолюция кабыл алган. Бирок Орусия ок атпоо режими Асаддын каршылаштарына тиешелүү болбосун деген чечимдин кабыл алынышына жетишкен.

XS
SM
MD
LG