Быйылкы жылдан тарта Тажикстандагы бардык абитуриенттер кайсыл тилде билим алганына карабастан тажик тилинде эссе жазышат. Аларга мектеп программасындагы тажик адабияты боюнча темалардан тышкары эркин темалар дагы сунушталат.
Мамлекеттик тилде эссе жазуу сунушун өлкө президенти Эмомали Рахмон 2015-жылы сентябрда, Куляб мамлекеттик университетиндеги Билим күнүнө арналган иш-чара маалында айткан.
Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келет. 2015-жылы тажик парламенти аны «Тынчтыктын жана улуттук биримдүүлүктүн негиздөөчүсү - Улут көсөмү» деп атоого жол берген мыйзамды жактырган.