Ссылки доступа

Тажикстандагы пластикалык хирургия: каякта, кандай жана канчага жасашат? (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- АРИС аралашкан тендер чыры. Нарындын Жумгал районунун Чаек жана Куйручук айылдарынын жайыт комитеттери АРИС өткөргөн тендерге нааразы. Алардын айтымында, баасы 2 миллион сомдон ашкан жол тазалагыч техникасы чырдан улам бир жылдан бери иштебей турат. Анткен менен АРИС жергиликтүү элдин дооматтарын четке кагууда. (Директтен видео)

- Кагаздан жука телефон чыгат. (Директтен видео)

- Сайлыктар эңсеген мектеп. Баткен районундагы Сай айылынын 400 окуучусу үч нөөмөт менен бир өңүрү бузулуп, ураганы турган мектепте окуп жатышат. Курулушу 2014-жылы башталган жаңы мектеп бүтпөй, экинчи кабаттын кыштары урай баштады. (Директтен видео)

- Айтурган: үч балам менен көчөдө калдым. Отуз жаштагы Айтургандын үч баласы бар жана учурда кош бойлуу. Биринчи күйөөсү автокырсыктан каза болгондон кийин экинчи жолу турмушка чыккан. Бирок аракка берилген күйөөсү сабап, кыш чилдеде көчөгө кууп чыгып, азыр "Сезим" кризистик борборунда убактылуу баш калкалоодо. (Директтен видео)

- Студенттерди баккан жүрөк бизнеси. (Директтен видео)

- Азия: милиция полиция болот. Казакстанда энергетика министринин орун басары Гани Садибеков кармалды: ал миллиарддаган теңге уурдаган деп шектелүүдө. Кыргызстанда Орусиядагыдай милицияны полиция кылып өзгөртүү сунушталууда: социалдык түйүн колдонуучулары сунушту мыскыл менен кабыл алышты. Тажик бийлиги жыл соңуна чейин жеке телеканалдарды өз көзөмөлүнө алышы мүмкүн. (видео)

- Казакстанда энергетика министринин орун басары кармалды, ал 3 миллион доллар уурдаган деп шектелүүдө. (Настоящее время)​

- Тажикстандагы пластикалык хирургия: каякта, кандай жана канчага жасашат? (Настоящее время)

- Петропавловск ишкерлери жумушчуларды абактардан издешүүдө. (Казакстандан видео)

- «Официант боло алат»: Бишкектин тургуну робот чогултууда. Бишкектик инженер Санжар Жумабековдун ишендиришинче, ал жасап жаткан робот келечекте адам кылган иштерди аткара алат. (Директтен видео)

- Эмнеге «Газпром» «Нафтогаз» менен келишимин үздү жана эмнеге ага Украина анча кайгырган жок? (Директтен видео)

- Киев полициясы Жогорку Рада имаратынын алдындагы «тергөө аракеттери» маалында жүздөн ашык адамды кармады. (сүрөт баян)

- Полиция Рада имаратынын алдына чогулган адамдарды кармады. 3-мартта полиция Украинанын парламентинин алдына чатыр тигип, коррупцияга каршы олуттуу чара көрүүнү талап кылып отурган активисттердин жүздөн ашыгын кармап кетти. (Настоящее время)​

- Крым аялдары Орусия агрессиясына каршы. 2014-жылы 3-мартта жүздөгөн крымдык аял тынчтык үчүн жана Орусиянын Крымды оккупациялашына каршы акция өткөрүшкөн. Окуянын кандай болгонун эстейбиз. (сүрөт баян)

- Армениянын жаңы президенти болуп Армен Саргсян шайланды. (Директтен видео)

- "Дождун" продюсери менен RTVI башкы редакторунун орун басары Мамдуманын депутаты Слуцкийди ыдык көрсөткөн деп айыпташты. (Директтен видео)

- Украина менен Орусия кармалган чек арачыларын алмашты.(Директтен видео)

- Янукович Путинге жолдогон катында эмнелер жазылганын айтты. Анда ал Путинден Орусиянын аскерлерин эмес, «тынчтык орнотуучуларды» киргизүүнү өтүнгөнүн билдирүүдө. (Директтен видео)​

- Цирктен Крымга: орангутандын баласын кантип кабыл алышты? (Директтен видео)

- Икра, лимузиндер, кызыл килемдер: Голливуд «Оскар» сыйлыгына кантип даярданууда? (Настоящее время)​

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG