Ссылки доступа

Словакияда журналисттин өлүмү бийликти кризиске кептеди


Словакиянын президенти Андрей Киска журналист Ян Куциактын өлүмүнөн кийин жаралган саясий каатчылык коркунучуна байланыштуу өкмөттүн курамын өзгөртүүнү же мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал жергиликтүү телеканалдар аркылуу элге жасаган кайрылуусу маалында айтты.

Мамлекет башчы жарандардын ишенимин кайтаруу үчүн өкмөттүн кандай чараларды көрүп, кандай саясий чечимдерди кабыл ала тургандыгын күтүп, атайын бир жума бою унчукпаганын белгиледи. Айтымында, бирок өкмөт тараптан бул багытта эч кандай аракеттер көрүлгөн жок. «Айрымдары отставкага кетишти, бирок мен өлкөнү бул ишеним каатчылыгынан чыгаруу үчүн эч кандай план көргөнүм жок», — деди президент.

27 жаштагы Ян Куциак менен анын курбу кызынын сөөгү 26-февралда Братиславадан 65 чакырым жердеги Велка-Мака шаарындагы үйүнөн табылган. Бир нече күндөн кийин өлкөнүн премьер-министринин жардамчысы Мария Трошкова, Коопсуздук кеңешинин катчысы Вилиам Ясань, башкаруучу партиянын мүчөсү, маданият министри Марек Мадьярич кызматтан кетишкен.

Азырынча журналисттин эмне себептен өлтүрүлгөнү белгисиз. Бирок анын кесиптештери бул Ян Куциактын журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышууда. Ал акыркы кездери италиялык мафиянын Словакия өкмөтүнө таасири тууралуу иликтөөлөр менен алектенип жүргөн. Анда журналист премьер-министр Роберт Фицонун жакын адамдарын мафиялык топторго тиешеси бар италиялык ишкерлер менен тыгыз байланышта болгон деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG