Ссылки доступа

Назарбаев парламенте коомдогу биримдикти чыңдоого чакырды


Казак президенти Нурсултан Назарбаев Астанада Казакстандын эки палатасынын бирдиктүү жыйынын өткөрдү. Мамлекет башчы коомдогу биримдикти чыңдоого чакырып, бир катар социалдык демилгелерди көтөрдү.

“Биздин коомдогу социалдык биримдикти бекемдөө үчүн конкреттүү чараларды көрүүгө убакыт жетти жана аларды масштабдуу социалдык долбоорлор аркылуу ишке ашыруу керек”, —деди Назарбаев.

Өз сөзүндө Назарбаев президенттик кызматын улантуу ниетинде экенин ишара кылды. “Мен калкыбыздын эртеңки күнгө ишенимдүү кадам таштоосу үчүн иштеп келгем, иштеп жатам жана иштейм”, — деп кошумчалады Назарбаев.

Казак президенти турак-жай үчүн жарандарга жети пайыздык үстөк менен насыя берүү, билим сапатын жогорулатуу, чакан жана орто бизнеске көмөк көрсөтүү, аймактарга газ тартуу зарылдыгын айтты.

XS
SM
MD
LG