Ссылки доступа

Коопсуздук чараларынан улам АКШнын Анкарадагы элчилиги убактылуу жабылды


Коопсуздук чараларына байланыштуу дүйшөмбүдө АКШнын Анкарадагы элчилиги жөнөкөй адамдар үчүн жабык болот. Элчилик кызматкерлери жарандарга чукул учурларда гана жардам беришет. Ошол эле маалда коопсуздук коркунучунун мүнөзү тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүк эч нерсе кабарлаган жок. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Андан тышкары АКШ элчилигинин кызматкерлери Түркиядагы америкалык жарандарды адамдар көп топтолгон жерлерден жана популярдуу туристтик каттамдардан алыс болууга чакырышты. «Анкарадагы америкалык элчиликтин иши тууралуу кошумча маалымат жарыяланат», деп жазылган билдирүүдө.

Быйыл 18-январда АКШнын Кабулдагы элчилиги Ооганстан борборундагы мейманканаларга чабуул болушу мүмкүндүгүн эскерткен. Андан эки күн өткөндөн кийин жоочулар эл аралык конференция өтүп жаткан Кабулдагы «Интерконтиненталь» мейманканасына кол салышкан. Жыйынтыгында 22 киши, анын ичинде 14 чет өлкөлүк жаран мерт болгон.

XS
SM
MD
LG