«Атабыз өлөрдө жанында балдары болгон жок. Биздин үй абакка жакын жайгашкан. Өлөрүнө бир күн калганда ал мага чалып, биз үчүн абдан кабатыр болуп жатканын айткан», -деди жазуучунун кызы Хосият Ёрова.
Хосият Ёрованын айтымында, атасынын сөөгү туулуп өскөн жери Жалолиддин Балхи районунда жерге берилет.
Бузургмехр Ёров – Равшан Ёрмухаммеддин тун уулу, 2015-жылдан бери камакта. Бузургмехрдун карындашы жана иниси - Хосият менен Жамшед куугунтуктоолорго байланыштуу өлкөдөн чыгып кетишкен.
Хосият Ёрова билдиргендей, атасы ооручу эмес, бирок уулу камалгандан кийин мүңкүрөп калган.
Равшан Ёрмухаммад 2016-жылы декабрда Бузургмехр камалгандан кийин жалгызсырап калганын, «Махмуд Газнави» романынын акыркы барактарын жазып жатканын билдирген.
Тажик жазуучусу Равшан Ёрмухаммад убагында журналист болуп дагы иштеген. 1998-2003-жылдары Тажикстан Жазуучулар биримдигинин төрага орун басары болгон.