"Жөлөк пул бериле турган кассаларда пластик карталарга өтүүнү талап кылган жарыялар илинип турат. Мындан ары 10 фермер бирикмесин бир гана эсепчи тейлейт, калгандары кыскартылат”, -деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы.
Учурда Түркмөнстан толугу менен акчасыз төлөм формасына өтүүдө. Айлык маяна, пенсия, стипендия, жөлөк пул пластикалык караталарга которулат. Фермерлер да карта алууга милдеттендирилген.
Ошол эле маалда өлкө жашоочулары банкоматтан тиешелүү деңгээлде акчаларын ала албай жатышат. Январдан тарта Ашхабад тургундары банкоматтан бир күндө 1000 манаттан, облустарда 300 манаттан ашпаган гана акча чыгарып алышууда. Өлкөдө 1 АКШ доллары 3,5 манат турат.
Мындан тышкары аймактарда банкоматтар дагы тартыш.