Садибеков Щучинск-Бурабай курорттук аймагындагы көлдү тазалоо үчүн мамлекет казнасынан бөлүнгөн бир миллиардга жакын теңгени кымырып алууга шектелүүдө.
Астана сотунун маалымат кызматы билдиргендей, аткаминерди эки айга камоо чечими чыкты.
Бул ишке байланыштуу “Аймак” жалданма уюмунун жетекчиси Д.Дуанбек да кармалып, ишкананын эки өкүлү — Серикбай Жумалинов менен Бекзат Кадирберлин эки айга камалды.
Өткөн аптада энергетика минитрлигинин калдыктарды башкаруу департаментинин башчысы Жан Нурбеков кармалган.