Ссылки доступа

Тажикстанда ИМ "согуш министринин" агасы мамлекеттик кызматтан кетти


Гулмурод Халимов
Гулмурод Халимов

Тажик Ички иштер министрлигинин атайын отрядынын мурдагы командири, азыр “Ислам мамлекети” террор тобунун “согуш министри” делген Гүлмурод Халимовдун Жазаларды аткаруу башкармалыгында иштеген агасы, подполковник Саидмурод Халимовдун отставкага кеткени тастыкталды.

Тажикстан Юстиция министрлиги билдиргендей, “жоочуларга жалданууга бараткан, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган, милицияга каршылык көрсөткөн” деген айып менен Гүлмурод Халимовдун үч тууганы эркинен ажыратылгандан кийин эле подполковник Саидмурод Халимов кызматынан кеткен.

Маалыматтарга караганда, Саидмурод Халимов алгач ирет 2015-жылы отставкага кетүү боюнча арыз жазган. Бирок анын өтүнүчү орундатылган эмес. Жазаларды аткаруу башкармалыгы бир нече жолу Саидмурод Халимовго ишеним көрсөткөн. Бирок жакын туугандары түрмөдө жатканда ал бул түзүмдө иштөө моралдык жактан туура эмес деп чечкен.

Хатлон облустук аскер соту былтыр октярбрда Комил, Назир жана Али Халимовдорду 7 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыраткан. Алар Ооганстан аркылуу “Ислам мамлекети” террор тобуна кошулууга аракет кылган маалда кармалышкан.

Гүлмурод Халимов Тажикстандын Ички иштер министрлигинде иштеп жүрүп, 2015-жылдын май айында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулганын жарыялаган. Кезинде Эл аралык машыгуулардан өткөн мурдагы командир жоочулардын арасында "согуш министри" деген атка конгон.

XS
SM
MD
LG