Ссылки доступа

Өзбекстан: мурдагы башкы прокурор ишкерлерден жарым миллиард доллар тартып алууга шектелүүдө


Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун жыйынында төрагалык кылууда. Ташкент, 2014-жыл, 8-октябрь.
Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун жыйынында төрагалык кылууда. Ташкент, 2014-жыл, 8-октябрь.

Ташкентте өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыровго жана анын туугандарына таандык делинген бизнес-түзүмдөрдө текшерүү иштери жүргүзүлүп, мүлктөрү каттоого алынууда. Февралдын соңунда Кадыровго карата “кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “опузалап алуу” жана “пара талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка караганда, борбордогу «Инфинбанк», Flagman соода түйүндөрү жана Мамлекеттик бажы комитети текшерилүүдө. Анын жүрүшүндө Flagman түйүнүнүн башчысы жана бажы кампаларын Кадыровдун бизнестери үчүн мыйзамсыз берген Мамлекеттик бажы комитетинин мурдагы жогорку кызматтагы чиновниктеринин бири кармалган.

«Инфинбанктын» ээси учурда сурак берип жатканы айтылууда. Ал Кадыровдун акчаларынын изин жашырган деп шектелүүдө. Мурдагы башкы прокурор банк негизделген 2007-жылдан бери анын расмий эмес ээси болуп келгендиги айтылып жүрөт.

Ташкенттеги өз булактар кабарлашкандай, тергөөнүн жүрүшүндө Фарход Мамажонов «Инфинбанк» тарабынан Рашид Кадыров уурдаган акчаны мамлекетке кайтарып берген. Каражат Дубайдагы жана Ригадагы швейцариялык банктардан которулган.

Ал ортодо кезинде мурдагы башкы прокурорго белектерди жана пара берүүгө аргасыз болгон өзбек ишкерлери ага каршы доо арыздарды жазганы кабарланды. Анда көрсөтүлгөн жалпы сумма жарым миллиард АКШ долларына жетет.

– Доо арыздарда көрсөтүлгөн акчаларды кайтарып берүү максатында Кадыровго каршы «опузалап акча алуу», «кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «пара алуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ага таандык турак-жай менен автоунаалар каттоого алынды, – деп билдиришти ИИМдеги булактар.

XS
SM
MD
LG