Ссылки доступа

Түркияда түркмөнстандык келин кибер уурулукка айыпталууда


Түрк ММКлары түркмөнстандык мигрант келиндин катышуусунда 2,4 миллион долларлык кибер уурулук жасалганын жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, эл аралык бизнес менен алектенген Стамбулдагы фирмалардын электрондук даректерин уурдап, алар аркылуу компаниялардын өнөктөштөрүнөн 9 миллион 129 миң түрк лирасын же 2,4 миллион АКШ долларын алган кылмыштуу топ кармалды. 14 кишиден турган топтун жетөөсү чет өлкөлүк жарандар болушкан. Арасында бир түркмөн жараны бар.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө полиция электрондук почталардын даректери аларга «мейл хакер» вирустарын жөнөтүү аркылуу уурдалганын аныктаган.

Кылмышкерлерди колго түшүрүү үчүн укук коргоо органдары мурдагы даректерине окшогон жаңы электрондук почталарды ачып, компаниялардын атынан бересеси бар фирмаларга кат жазышкан. Бирок ал кат ортодон кылмыштуу топтун колуна түшүп, алар жөнөтүүчүнүн төлөм документтериндеги банктык реквизиттерди өзгөртүп, аны бересеси бар фирмаларга жөнөткөнү аныкталган. Мындай жол менен фирмалар которгон карыз акчалар кылмышкерлердин эсебине түшүп турган.

XS
SM
MD
LG