Ссылки доступа

Өзбек бийлиги 17 жылга соттолгон тажикстандык малчыга ырайым кылды


Өзбекстанда 17 жылга соттолгон тажикстандык малчы Сулаймон Буриев туугандарына коңшу өлкөнүн бийлиги аны мунапыс менен эркиндикке чыгарганын жана Нооруз майрамына карата үйүнө барып каларын билдирди.

Тажикстандын Пенжакент районунун тургуну мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн Өзбекстанда 17 жылга соттолгон. Кийин анын камактагы мөөнөтү жети жылга кыскартылган.

Сулаймон Буриевдин апасы акыркы күндөрү уулу менен телефон аркылуу үч жолу сүйлөшкөнүн айтты. «Ал кечээ кечинде дагы чалды. Навои шаарындагы түрмөдөн жатак абагына которулганын билдирди. Учурда айнек заводунда иштеп жатыптыр», - деди ал.

Сулаймондун атасынын айтымында, уулу абакта дагы үч жыл отурмак, бирок өзбек бийлиги аны Нооруздун алдында мунапыс менен эркиндикке чыгарууну чечкен.

Үч жыл мурда Буриевдин апасы кыйынчылык менен чет өлкөлүк паспорт жана Өзбекстанга виза алып, уулу менен жолугуп келген. «Уулум 28 күн кармалган Карши шаарындагы тергөө абагында кыйноолорго жана зомбулук аракеттерге кабылганын билдирди. Тергөөчүлөр аны Тажикстандын атайын кызматы менен кызматташам деп айттырууга аракет кылышкан», - деп билдирген анда ал.

XS
SM
MD
LG