Ссылки доступа

Түркмөнстан айрым товарлар үчүн бажы алымдарын жоюуда


2-мартта Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бурдымухамедов өлкөгө алынып келинген айрым товар түрлөрү үчүн бажы алымдарын жоюу тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу жериликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, мамлекет башчы мындай чечимди «импорттун ордун толтурууга жана экспортко жөнөтүүгө багытталган товарларды өндүргөн ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү улантуу максатында» кабыл алды. Андан тышкары мамлекет башчы 9-февралда ички базарды жумуртка жана тоок эти менен камсыздоого мүмкүндүк берчү канаттуулар фермаларын түзүү маселесин козгогону кабарланууда.

Былтыр декабрдын ортосунда Түркмөнстанда тоок жумурткасынын баасы жогорулаган. Бир жуманын ичинде эле борбордогу базарларда жумуртка орточо 80-100 пайызга кымбаттап кеткен.

Марттын башында айрым чарбаларда белгисиз вирустан улам үй канаттуулары кырылып жатканы кабарланган. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары билдиргендей, Дашөгүз облусунун Болдумсаз жана Гурбансолтан райондорунда эле кеминде ондогон тоок өлгөн.

Былтыр жыл соңунан бери Түркмөнстанда азык-түлүк кескин кымбаттап, ун тартыштыгы байкалууда.

XS
SM
MD
LG