Ссылки доступа

Тажикстанда Ислам партиясынын мурдагы мүчөсүнүн өлүмү жашыруун тергелет


Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын мурдагы мүчөсү Комил Хожаназаровдун өз жанын кыюусу боюнча иш жашыруун тергелет. Ал өткөн жылы камакка алынып, Согди облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин сурагынан кийин өз өмүрүнө кол салган.

Облустук милициядагы булактын билдиришинче, тергөө ишинин алкагында башкармалыктын эки кызматкери суракка алынган.

6-мартта Комилдин атасы Мурод Хожаназаров кылмыш иши жашыруун тергелип жаткандыктан, ал тууралуу кенен айтып бере албастыгын айтты. Ал сөөктү эксгумация кылганда, Комилдин кыйноого алынганы аныкталганын билдирди.

Ашт райондук сотунда иштеген атасы адвокаттан баш тарткан уулунун укуктарын юрист катары өзү коргоого даяр экенин кошумчалады.

31 жаштагы Комил Хожаназаров былтыр жайында өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын 15 мүчөсү менен чогу кармалып, сурактан кийин кайра бошотулган. Бирок 28-августта Согди облустук ички иштер башкармалыгындагы экинчи жолку суракка бир күн калганда өз жанын кыйган. Өлүм алдында жаздырып калтырып кеткен видеокайрылууда ал милиция кызматкерлери аны кыйноого алып, акча бергенден кийин гана бошотконун айткан. Андан тышкары ал Ислам кайра жаралуу партиясына 2014-жылы кирип, өлкөдө ага тыюу салынардан бир канча ай мурда анын курамынан чыгып кеткенин билдирген.

"Милиция кызматкерлери мен партиядан чыккан датаны 2015-жылдан 2016-жылга өзгөртүп кое тургандыктарын жана мен бир жыл түрмөгө камалаарымды айтып коркутушкан", - деген анда Комил.

Видеокайрылуудан кийин сөөктү эксгумация кылуу чечими кабыл алынып, аны кыйноого алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG