Ссылки доступа

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурорунун уулуна издөө жарыяланды


Өзбекстан Ички иштер министрлиги 5-мартта өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыровдун уулу Алишер Кадыровго издөө жарыялады.

39 жаштагы Алишер Кадыров Кылмыш кодексинин “Опузалоо” жана “Алдамчылык” беренелери боюнча шектелүүдө.

Министрлик 6-мартта Алишер Кадыров атасы кармалганга он күн калганда Москвага качып кеткенин билдирди. Өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров 23-февралда кармалган.

Өз булактар Рашид Кадыровдун ишин тергеген тергөөчүлөр Алишер менен WhatsApp мессенжери аркылуу сүйлөшүп жатканын билдиришти. Бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ал «Инфинбанк» аркылуу 20 миллион доллар которгон. Буга чейин жергиликтүү ишкерлер Рашид Кадыровго «белек же пара» иретинде жалпысынан жарым миллиард доллар беришкенин даттанышып, арыз жазышкан.

Өзбек ишкерлеринин бири Алишер Кадыров Москвада шенген визасын алууга аракет жасап жатканын, эгер бул планы ишке ашса, Улуу Британиядан баш паанек суроо ниетинде экенин айтты.

XS
SM
MD
LG