Ссылки доступа

Ташкенттик имам түрк сериалдары улуттун генофондуна терс таасир этээрин билдирди (видео)


Ташкенттеги Мырза Юсуф мечитинин имам-хатиби Рахматулло Сайфуддинов
Ташкенттеги Мырза Юсуф мечитинин имам-хатиби Рахматулло Сайфуддинов

Ташкенттеги Мырза Юсуф мечитинин имам-хатиби Рахматулло Сайфуддинов 2-марттагы жума кутбасы учурунда түрк сериалдары улуттун генофондуна терс таасир этээрин айтты. Ал Өзбекстанда "аялдар гана акушер болушу керек" деген сунушу менен таанымал.

Анда Сайфуддинов "аял жолдошу менен жыныстык катнаш учурунда башка эркекти элестетсе, алардан кумсалар төрөлө турганын" жана өзбек аялдары түрк сериалдарындагы сулуу эркектерди жактырып, алар менен жакын мамилени элестетип жүргөнүн ишенимдүү билдирген. ​

Имамдын бул билдирүүсү жергиликтүү ММКларда түрк сериалдарына каршы өнөктүк күч алып жаткан маалга туш келди. Өткөн айда жергиликтүү жеке телеканалдардын бири «Кара сүйүү» (Kara Sevda) аттуу түрк сериалын көрсөтүүнү токтотууга аргасыз болгон.

Өлкөнүн Басма сөз жана маалымат агенттигинин алдындагы ММКларга мониторинг жүргүзүү борбору аталган сериал улуттук менталитет менен салттарга, ошондой эле өзбектердин үй-бүлөлүк баалуулуктарына каршы келет деген чечимге келген.

Имамдын жардамчысы динди жана тарыхты жакшы билген адам бул сөздөрдү түшүнөөрүн айтты.

6-мартта Ташкенттеги Домбурабад мечитинин имам-хатиби Шермурат Тагай Рахматулла Сайфутдиновдун пикирин колдой тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG