Ссылки доступа

Түркия менен Ирак күрттөргө каршы биргелешкен операция өткөрөт


Мевлют Чавушоглу
Мевлют Чавушоглу

Түркия менен Ирак Ирактын түндүгүндөгү күрт кошуундарына каршы биргелешкен операция өткөрөт. Бул тууралуу Түркиянын ТИМ башчысы Мевлют Чавушоглу билдирди.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, операция быйыл май айына белгиленген Ирактагы парламенттик шайлоодон кийин башталат.

Чавушоглу майга карага Сириянын Африн аймагындагы күрттөргө каршы операция аяктап каларын белгиледи.

Январдын экинчи жарымында түрк аскерлери Сириянын Африн аймагындагы күрттөрдүн куралдуу отряддарына чабуул койгон. Андан көп өтпөй түрк тарап “Зайтун бутагы” деп аталган операция башталганын билдирген.

Түрк бийлиги күрттөрдүн элдик коргонуу кошуунун (күрт милициясы) террорчулардын көмөкчүсү деп эсептейт жана аларды өз позицияларынан сүрүп чыгаруу аракетин көрүүдө. Күрт милициясы АКШ башында турган коалиция менен бирге «Ислам мамлекети» террордук уюмунун жихадчыларына каршы согушууда.

XS
SM
MD
LG