Ссылки доступа

Казакстанда камактан качып кеткен бизнесмен кармалды


Казакстан Улуттук коопсуздук комитети качып кетип кармалган бизнесмен Токмади Жамбыл облустук ички иштер департаментинин тергөө абагына камалганын маалымдады.

Атайын кызмат качууга шыкак берген жагдайларды иликтөөдө. Маалыматтарга караганда, сот жараяны учурунда ден соолугуна байланыштуу убактылуу Тараздагы облустук ооруканага жаткырылган Токмади 8-мартта жергиликтүү убакыт боюнча 19.20да ал жерден качып кеткен.

Бизнесмен 2004-жылы банкир Мухтар Аблязовдун буюртмасы менен “ТуранАлем банкынын” мурдагы башчысы Ержан Татишевди өлтүрүүгө айыпталууда.

Токмадинин ооруканадан качып кеткени тууралуу маалымат 8-март күнү кечинде чыккан. Ошол замат Тараз облустук ооруканасын полиция курчоого алган. 9-март күнү эртең менен Улуттук коопсуздук кызматы Токмади ыкчым издөө иштеринин натыйжасында качып кетер замат кармалганын маалымдады.

Токмади былтыр июлда камалган. “Казстройстекло” заводунун ээси бизнес-өнөктөшүнүн акчасын тартып алуу, мыйзамсыз курал сактоо боюнча күнөөлүү деп табылып, күзүндө үч жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк ага банкир Татишевди өлтүрүү боюнча айып тагылган. Камактагы Токмади республикалык телеканал аркылуу билдирүү жасап, 2004-жылы аң уулоо учурунда Татишевге кокустан ок жаңылбаганын, Аблязовдун көрсөтмөсү менен атайлап өлтүрүлгөнүн мойнуна алган. Аблязов бул билдирүүлөрдү четке каккан.

XS
SM
MD
LG