Ссылки доступа

Киевде түркмөнстандык студенти өз жанын кыйган ЖОЖ коррупцияга айыпталууда


Январдын аягында өз жанын кыйган түркмөнстандык кыз билим алган Киевдеги медициналык окуу жайда коррупция фактылары аныкталды. Бул тууралуу украин маалымат каражаттары кабарлады.

ТСН медиа порталы медициналык окуу жайдагы пара алуу фактылары ачыкка чыкканы тууралуу сюжет жарыялагандан көп өтпөй, «Народная правда» басылмасы анда студенттер жакшы баа алуу үчүн канча акча бере турганын жазып чыкты.

«Эки деген бааны өчүрүү үчүн 200 гривен жетиштүү болот. Сынакты ийгиликтүү тапшыруу үчүн миң гривен талап кылынат. Ошондой эле элиталык спирт ичимдиктери менен экзотикалык жер-жемиштер дагы чоң суроо талапка ээ», — деп жазган гезит.

Күн мурун аталган университеттин ректору лицензиялык сынак өткөрүүгө байланышкан чырга байланыштуу жумуштан кетирилген. Бул сынак аталган университеттен башка өлкөдөгү бардык мециналык окуу жайларда өткөрүлгөнү аныкталган.

Андан бир күн мурда университет жетекчилиги чет элдик студенттер менен иштөө боюнча декандын орун басары Татьяна Тимохинаны иштен алуу тууралуу буйрукка кол койгон. Анын жумуштан алынышы окуу жайда билим алган түркмөнстандык кыз Муккадас Насыралиеванын өлүмүнө байланыштуу.

19-февралда Киев прокуратурасы 19 жаштагы түркмөнстандык студент Муккадас Насырлаеваны өз жанын кыюуга чейин жеткирүү фактысы боюнча кылмыш ишин ачкан. Болжолдуу маалыматтар боюнча, Насырлаева өзү окуган университеттен Украинада жүрүүгө уруксат берген документинин мөөнөтүн узартууга керек болгон кагаздарды ала албагандан кийин көпүрөдөн секирген. Жергиликтүү ММКлар буга декандын орун басары Тимохина жооптуу болгонун билдиришүүдө. Украинадагы түркмөн диаспорасынын жетекчиси Ровшенбек Розметовдун айтымында, чет өлкөлүк студенттер менен иштеген деканат кыздын тиешелүү документтерин миграция кызматына өз учурунда жөнөтпөй койгон.

XS
SM
MD
LG