Ссылки доступа

Алматыда Борбор Азиядагы аял-режиссерлордун кинофестивалы өтүүдө


Алматыда бүгүн Борбор Азиядагы кинематографист аялдардын фестивалы өтүүдө. Программада жыйырмадай кыскаметраждуу жана үч толукметраждуу тасма бар.

Киноленталардын көбү казакстандык аял-кинорежиссерлорго таандык. Кыргызстандан Наргиза Маматкулованын “Зефир” жана “Жымжырт” тасмасы тартууланат. Тажикстандан Хушнуда Шукурованын “Надира”, “Көз ирмем”, Аниса Сабирдин “Күнөөнү жуу” Өзбекстандан Умида Ахмедованын “Аруулуктун түйшүгү” фильмдери көрсөтүлөт.

Кинофестиваль “Аял жана Борбор Азиядагы кино” темасындагы талкуу менен жыйынтыкталат.

Иш-чара Фридрих Эберт фондунун колдоосу алдындагы Гендердик теңчилик жумалыгынын алкагында өтүүдө.

XS
SM
MD
LG