Маалыматка караганда, Трамптын кеңешчилери Орусия менен алаканы оңдоо үчүн президентти катаал мамиле керек экенине көндүрүшкөн. Булактын билдиришинче, Украинага ракетадан коргонуучу Javelin комплекстерин жеткирүүгө да дал ушундай мамиле негиз болгон.
NBCнин көз карандысыз эки булагы кабарлагандай, Путиндин өзөктүк куралдын жаңы түрлөрү тууралуу 1-мартта Федералдык жыйындагы билдирүүсү Трампка катуу тийген.