Ссылки доступа

Түркмөн президенти уулун ТИМ башчысынын орун басары кылып дайындады


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары кызматына дайындады. Бул тууралуу түркмөн өкмөтүнүн расмий веб-сайты кабарлады.

36 жаштагы Сердар Бердымухамедов 2017-жылдын март айынан бери парламенттеги юридикалык иштер боюнча комитетти башкарып келген. 2015-жылы атайын токтом менен Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмүн жетектеп, доктордук диссертациясын жактаган.

2017-жылы жаз жана жай мезгилдеринде Сердар бир канча жолу расмий сапар менен чет өлкөлөргө барып, бир топ мамлекеттерде жогорку кызматтагы адамдар менен жолуккан. Жергиликтүү талдоочулар ал атасы менен бирге өлкө ичиндеги иш-чараларга көп катыша баштаганын билдиришүүдө. Алардын айтымдарында, Сердар Бердымухамедовду расмий басылмалар «элдин уулу» деп аташып, өлкөнү, анын ичинде дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп келишет. Мындан улам ал Түркмөнстандын учурдагы президентинин мураскери болот деген божомолдор айтылып жүрөт.

Бирок Сердарга бийлик жакында берилбеши мүмкүн. Анткени 2016-жылы сентябрда мамлекет башчы болгусу келгендерге коюлган 70 жаштык чектөө алынып, Бердымухамедов өмүр бою президент болуу укугун алган.

Гурбангулы Бердымухамедовдун уулунан тышкары дагы үч кызы бар.

XS
SM
MD
LG