Ссылки доступа

Бишкекте уулангандардын саны 75ке жетти


Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында тоок этине уулангандардын саны 75ке жетти. Бул тууралуу республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башчысы Гүлжигит Алиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бейтапканага кайрылгандар улам көбөйүп жатат.

- Учурда ооруканага кайрылгандардын саны 75ке жетти. Алардын 11и балдар. 22си өзүн жакшы сезип үйүнө кетти. Учурда 53 адам ооруканада. Алардын ичинен 63 жаштагы кишинин абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал тойго катышкан эмес, бирок үйгө барган устуканды жеген, - деди Аалиев.

31-мартта борбор калаадагы “Ала-Тоо” ресторанында Ош, Ысык-Көл, Нарындан келген 190 адам катышкан үйлөнүү той өтүп, андан 38 адам ууланганы кабарланган.

Ресторандын ээлери "текшерүү бүткөнчө түшүндүрмө берилбейт" деп билдиришти. Учурда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тамак калдыктарынан анализ чогултуп, ресторанды текшерип жатат. Борбордун башкы дарыгери Артур Буюклянов баштапкы маалымат боюнча ууланууга тоок эти себеп болгонун, так жыйынтык 4-апрелде чыгаарын билдирди.

Коомдук тамактануучу жайлардан адамдар ууланган учурлар буга чейин да бир нече ирет катталган.

XS
SM
MD
LG