Ссылки доступа

Анкарада Орусия, Иран жана Түркия президенттери жолугат


4-апрелде Анкарада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн уюштуруучусу эсептелген үч өлкөнүн саммитинде Владимир Путин, Хасан Роухани жана Режеп Тайып Эрдоган жолугат.

Саммиттин алдында, 3-апрелде Путин менен Эрдоган жогорку деңгээлдеги түрк-орус кызматташуу кеңешинин алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп күтүлүүдө.

7-мартта Кремль үч өлкөнүн лидеринин жолугушуусу апрелде болорун билдирип, бирок датасын тактаган эмес. Орусия, Түркия жана Иран Сирия боюнча Астанадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн демилгелешкен.

Орусия менен Иран Сирияда президент Башар Асад менен анын өкмөтүнө, Түркия айрым көтөрүлүшчүл күчтөргө колдоо көрсөтүп келет.

XS
SM
MD
LG