Ссылки доступа

Орусия Казакстанда ракетага каршы коргонуу системасын сынады


Орусия Борбордук Казакстандагы Сарышаган полигонунда ракетага каршы жаңы коргонуу системасын сынаганын билдирди.

Орусия Коргоо министрлигинин «Красная звезда» гезитинин кабарлашынча, Аба-космос күчтөрүнүн абадан коргонуу жана ракетага каршы коргонуу бирикмесинин кол башчысы, генерал-майор Андрей Приходько ракетага каршы жаңы коргонуу системасы тапшырманы так аткарып, шарттуу бутага таамай атканын билдирди.

Орусия Коргоо министрлиги бул система Москва шаарын аба-космос кол салуу каражаттарынын соккусунан сактоого багытталганын маалымдады.

Мекеме Аба-космос күчтөрүн сыноо качан өткөнүн ачыкка чыгарган жок. Орусия Сарышаган полигонун Казакстандан ижарага алган.

XS
SM
MD
LG