Ссылки доступа

Айдоочунун талабы, жүргүнчүнүн убарасы (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Айдоочунун талабы, жүргүнчүнүн убарасы. Баш калаада эл ташып иштеген маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштады. Алар шаар бийлигине бир нече талапты коюп жатышат. Учурда Бишкекте 120 каттам боюнча эл ташыган 40 фирма катталган. Күн сайын каттамга 2700дөн ашуун маршруттук таксилер чыгат. (видео)

- Кытай спутниги Жерге жетпей күйүп кетти (видео)

- ЖЭБ: Айбек Калиев аттиштер тууралуу айтты. Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияны иликтеген депутаттык комиссия 2-апрелде кезектеги отурумуна чогулду. Жыйынга Бишкек ЖЭБин модернизациялоо убагында иштеген мурдагы-кийинки өкмөт башчылар чакырылган. "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жетекчиси бул отурумда ЖЭБге алынган аттиштер тууралуу маалымат берди. (видео)

- Атамбаев-Жээнбеков: “достук” күчүндөбү? (видео)

- Казакстанда полиция көк шарларды асманга учургандарды текшерүүдө (видео)

- Төртүнчү чейрек жана жоолук жаңжалы. Актөбө мектептеринде жоолукчан кыздар алигиче окууга барыша элек (видео)

- Миллиардер Зиявудин Магомедовду эмне себептен камашты, бардык версиялар. (Настоящее время)

- Forbes Kazakhstan редакциясындагы тинтүү. Полиция журналдын башкы редакторунун орун басары Александр Воротиловду кармап, компьютерин алып койду (видео)

- Скрипаль менен Сирия: Орусия 4-апрелде өтө турган Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун жыйынына даярданууда . (видео Директ)

- Эки чех жигули менен жер шарын кыдырып чыкты . (видео Директ)

- 70тен ашкандар үчүн бий жана компьютер. «Адра Кыргызстан» уюмунун ыктыярчылары 12 жылдан бери пенсия курагындагы адамдардын күнүмдүк жашоосуна жаңы түстөрдү берүүгө аракет кылып келишет. (Настоящее время)​

- Флоридада «калашниковдорду» чыгарган фабрика иштейт, анын Орусия менен байланышы болушу мүмкүн. (Настоящее время)

- Советтик Татарстандагы ачарчылык. "Idel.Реалии" Татар республикасындагы 1921-1922-жылдардагы ачарчылык тууралуу баяндарын баштайт (сүрөт баян)

- «Зимняя вишнядагы» өрт боюнча кармалган Надежда Судденоктун күйөөсү: «Ал соода борбордун ээси эмес» (Настоящее время)

- Майып келин, өчпөгөн үмүт, насыя. Жашы отуздан жаңы ашкан Рыскүл Базарбаева биринчи топтогу майып жана жалгыз бой эне. Мектепти бүтөөрү менен Орусияда иштеп жүрүп, майып болуп кайткан Рыскүл күрөөгө коюлган үйдө жашап жатат. Эртең үй сатылып кетсе кайда барарын билбеген келиндин келечеги туман. (Директтен видео)

- Трамп Amazon компаниясын катуу сындады. (Директтен видео)

- Нааразылык жок Кемерово: өрттөн кийинки митингдер кантип токтоду? Облустук акимчилик алдындагы полициянын курчоосу шейшемби, нааразылык акциялардан кийин коюлган. Ал дале алына элек: имаратка атайын уруксат кагаз менен гана кирүүгө болот. Губернатордун отставкасын талап кылган митингдер 31-мартка белгиленген, бирок кемероволуктар «бир нерсе талап кылуудан пайда жок» деп күмөн санашууда. (Директтен видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG