Боз районунун мугалимдеринин биринин айтымында, карагайдын көчөтүн 20 миң сумга (2,5 доллар) сатып алууга мажбурашууда. Базарда анын наркы болгону 3 миң сум турат.
"Биздин мектепке карагайлардын көчөтүн алып келишти. Директор жыйын өткөрүп, мугалимдерди экиден көчөт сатып алууга буюрду. Биз аны түшүнүп турабыз, жогору жактын тапшырмасын аткарууда. Бирок базарда үч миң сум турган көчөттөрдү 20 миңге сатып алууга мажбурлап жатышканына ызабыз", – деди ал.
Боз районудагы башка бир мугалим да бул маалыматты тастыктап, базардан арзаныраак көчөт алып келип тигүүгө уруксат берилбей жатканын билдирди.
Маалыматтарга караганда, Анжиян облустук администарциясы Боз районуна карагайдын 300 көчөтүн бөлгөн.
Былтыр Хорезм облусунун Шават районунда мугалимдерди карагайдын көчөттөрүн алып, мектептин бакчасына тигүүгө мажбурлашкан. Бирок күзүндө алар куурап калган. Саргайган карагайларды жашыл түскө боёп чыгуу үчүн окутуучулардан кайра акча чогултулган.