Быйыл февралда эле Манас айылы үйлөрү менен имараттары эски, жолдору баткак, каралбай калган кыштак болчу.
«Адамдардын мындай шарттарда жашап жатканы абдан өкүнүчтүү. Мен Манастын мисалында алдыбызда кандай иштер менен маселелер турганын көрсөткүм келүүдө. Аны оңдоо абдан кыйын болот…Бирок эң оор айылдан баштабасак, анда адамдар бизге ишенишпейт. Эч качан ишенбейт», - деген Мирзиёев бир жарым ай мурда.
Андан кийин айылдагы эски имараттар түрттүрүлүп, алардын ордуларына эки кабаттуу көп батирлүү үйлөр тургузула баштаган. Заманбап бала бакча, бейтапкана, спорт аянтчасы ачылып, тери жана жүн кайра иштетүү жолго коюлду.
«Мен «Жайлуу айыл» программасын бекеринен Манастан баштаган жокмун. Анткени мында эмгекчил, асыл адамдар жашайт», - деген өзбек президенти.
30-мартта Шавкат Мирзиеёв жаңы курулган айылга барып келди. Анда мамлекет башчы агроөнөр жай комплексин, азык-түлүк класстерин жана төөнүн сүтү менен дарылоо клиникасын ачууга көңүл бурду.
Маалыматка караганда, борбордон алыста жайгашкан Манас айылы өткөн кылымдын 60-жылдары пайда болгон. Учурда анда 6,5 миң киши жашайт. ММКлар тургундардын көбүн кыргыз улутундагылар түзөрүн жазып келишет.