Ссылки доступа

Кытай Түндүк Корея менен АКШ лидерлеринин жолугушуусуна «этият» даярданууга чакырды


Кытай Түндүк Корея менен Кошмо Штаттардын лидерлеринин май айына пландалган жолугушуусу «акырындык менен алдыга жылып», тараптар «кыйратуучу факторлорго» жол бербейт деген үмүттө.

Бул тууралуу бүгүн Кытайдын тышкы иштер министри Ван И билдирди. Анын айтымында, жарым аралда позитивдүү өзгөрүүлөр болуп, бардык кызыкдар тараптар «чын жүрөктөн пикир алмашуу» жараянына катышууда.

«Кытай тараптардын бардыгы тең бул оор абалды жөнгө салып, сүйлөшүүлөрдү колдоп, диалогдун калыбына келиши үчүн шарттарды түзө алат деп ишенет. Бирок тарыхтагы тажрыйбада жарым аралдагы чыңалуу төмөндөгөн учурларда дайыма көптөгөн кыйратуучу факторлор пайда болуп келген», — деди Ван И.

Мурдараак Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн өзөктүк курал арсеналдарын азайтуусун жактай турганын айтып, АКШнын кызмат адамдары менен жолугушууга даяр экенин билдирген. Ким май айында Трамп менен жолугуп, өзөктүк курал программасын токтотуу маселесин талкуулашы керек. Азырынча жолугушуунан так датасы жана кайсыл жерде өтө тургандыгы белгисиз.

XS
SM
MD
LG