Палестиналыктардын дагы ушундай эле укуктары бар экенин белгилеген ханзаада бул үчүн жакынкы чыгышта жаңжалдашкан тараптар ортосунда тынчтык келишими түзүлүшү керектигин айтты.
Сауд Арабиясы Израилди расмий тааныган эмес жана аны менен эч кандай мамилеси жок. Бирок байкоочулардын көбү ханзаада Мохаммеддин ысымын акыркы кездери жалпы кызыкчылыктар (аймакта позициясын бекемдеп жаткан Иранга каршы туруу) үчүн Израил менен кызматташууга багыт алган Эр-Рияддын саясатындагы бурулуш менен байланыштырышууда. Ханзаада The Atlantic басылмасына берген маегинде эгер Израил палестиналыктар менен тынчтык тууралуу макулдаша алса, анда «Израил менен Перс булуңундагы өлкөлөрдүн жалпы кызыкчылыктары көп болорун» билдирди.
Reuters агенттиги белгилегендей, Сауд Арабиясы учурда жакынкы чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча жаңы мамиленин үстүнөн иштеп жаткан Ак үйдүн аракеттерин колдоодо.