Ссылки доступа

Кыргыз чек арачылары Өзбекстандагы өрттү өчүрүп беришти


Иллюстративное фото.
Иллюстративное фото.

Ала-Бука районундагы “Көк-Серек” чек ара заставасынын аскер кызматкерлери чек арага жакын жашаган өзбекстандык жарандын үйүндө чыккан өрттү өчүрүп беришти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, Жалал-Абад облусунун Теңги участкасынын чек арадан наркы Өзбекстандын аймагында жашаган тургундун үйүндө газ баллон жарылып кеткен. Өрт дароо алоолонуп, үйдү бүт каптап кеткен. Кыргыз чек арачылары өрттү көрүп калып, жардамга жетип барышкан. Алар Кыргызстандын аймагында аккан каналдан суу ташып барып, өрттү толук өчүрүп беришкен.

“Көк-Серек” чек ара заставасынын башчысы Адилет Исраил уулу чек ара тилкеси достук мамиледеги коңшу мамлекеттердин бири-бирине жардам берүүсүнө тоскоол болбой турганын, алар дайыма Өзбекстандын тургундарына жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG