Ссылки доступа

Өзбекстанда мурдагы УКК башчысынын уулуна өлкөдөн чыгууга тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы мекеменин отставкадагы төрагасы Рустам Иноятовдун 43 жаштагы уулу Шариф Иноятов менен Салык кызматынын төрагасы Батыр Парпиевдин 40 жаштагы уулу Бабур Парпиевди өлкөдөн чыгууга тыюу салынган адамдардын тизмесине киргизди. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматына УКК алдындагы Чек ара кызматынын офицери билдирди.

Маалыматка караганда, 30-мартта Orient Finans Bank башкармалыгынын төрагасы Бабур Парпиев өлкөдөн чыгып кетүү аракети маалында Ташкент аэропортунан артка кайтарылган. Андан соң ал үйүнө кайтып барып, учурда банктагы ишмердүүлүгүн улантып жатканы айтылууда. Ага карата мындан башка эч кандай чектөө киргизилген эмес.

Өзбекстан ИИМиндеги өз булактар кабарлашкандай, кургатылган жемиштерди экспорттоо менен алектенген Uzgardens ишканасынын акционери, ишкер Шариф Иноятовдун дагы өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынды.

Мындай чара кылмыш иштери боюнча негизги күбөлөрдүн өлкөдөн чыгып кетишинин алдын алуу үчүн көрүлүүдө. Буга чейин мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровдун уулу Алишер Кадыров башка мамлекетке кетсе, Ташкент шаардык прокуратурасынын мурдагы башчысы Мирагалам Мирзаевдин уулу Абдурашид Мирзаев өлкөдөн чыгып кетүү аракети маалында кармалган.

Өзбекстан Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы Рустам Иноятов менен Батыр Парпиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынгандыгы тууралуу маалыматтарга ээ эмес экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG