Ссылки доступа

Кыргыз-тажик чек арачылары Баткенде чыр чыккан тилкени чогуу кайтарууда


Кыргыз-тажик Чек ара кызматтары Баткенде чатак чыккан тилкени бирге кайтарууну макулдашты.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариеванын “Азаттыкка” айтканы боюнча, эки тарап чыр-чатак жөнгө салынмайынча чогуу иш алып барышат. Учурда Кыргызстандын Баткендеги чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

3-апрелде Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесине Кыргызстандын жараны дубал тургузуп, андан жаңжал тутанганы расмий кабарланган. Натыйжада эки тараптан элүүдөй киши чогулуп, анын арты таш ыргытууга чейин жеткен. Окуяда бир нече киши жеңил жараат алган. Чатак окуя болгондон жарым сааттан кийин жөнгө салынган.

XS
SM
MD
LG