Ссылки доступа

Өзбекстан президенти иш сапар учурундагы "жасакерлик" жөнүндө кабардар


Өзбекстан президентинин маалымат катчысы Комил Алламжонов Шавкат Мирзиёев  жергиликтүү бийликтин жасакерлиги туурасында  билерин айтты.

Өткөн аптада “Азаттыктын” өзбек кызматы бир нече көз карандысыз булактарга таянуу менен Мирзиёев Жизак облусунун Зарбдар районуна барарда жергиликтүү колледж студенттери пайдаланууга бериле элек текстиль комбинатынын жумушчуларынын ролун ойношконун маалымдаган.

Өз булактар жергиликтүү бийлик мамлекет башчы үчүн “шоу” уюштурганын айтышкан.

Президенттин маалымат катчысы Комил Алламжонов бул тууралуу кабардар экенин билдирди. “Бул цех 100 пайыз иштеп кете элек. Толук кубаттуулукта иштөөсү үчүн уюштуруу иштери жүрүүдө. Ишкана кыска мөөнөттө иштеп баштагандыктан, жакынкы айылдардагы жумушчуларды окууга чакырып, андан ары аларды иш менен камсыздоого убада берилген», – деди Комил Алламжонов.

Январдын соңунда Кашкадарыя облусунда жергиликтүү бийлик Шавкат Мирзиёев аймакка иш сапар менен келиши ыктымал деп, тезинен көрктөндүрүү иштерин башташканы кабарланган.

Президенттин маалымат катчысы Мирзиёевдин сапары алдында жолдор үстүртөдөн ремонттолуп жатканын да билишерин айтты. “Президент ал жолду салууну жана ишке берүүнү тапшырган эмес. Өлкө башчы алысыкы аймактарга чыкканда ал жолдор оңдолот жана аңгыл-дөңгүл жерлерге асфальт төшөлөт. Бул убактылуу чаралар. Албетте, бул жолдор талапка жана стандарттарга жараша ремонттолот”, – деди Комил Алламжонов.

XS
SM
MD
LG