Ссылки доступа

Тажик журналисти Мирсаидовдун камактагы мөөнөтү июнга чейин узартылды


Хайрулло Мирсаидов
Хайрулло Мирсаидов

Журналист, Тажикстан КВН командасынын капитаны Хайрулло Мирсаидовго карата козголгон кылмыш ишин тергөө июнь айына чейин узартылды.

Согди облусунун укук коргоо органдарындагы булак билдиргендей, мөөнөттү узартуу бул ишти дыкат карап чыгууга жол ачат.

39 жаштагы Мирсаидов 2017-жылы декабрда президентке, башкы прокурорго жана Согдинин губернаторуна Худжанд шаарындагы аткаминерлердин жемкорлугун тыюуну өтүнүп ачык кат жазгандан бир нече жумадан кийин кармалган.

Журналист КВН командасынын Москвага барып келишин каржылоого убада берген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү андан 1000 доллар пара талап кылышканын баса көрсөткөн.

Өз булак билдиргендей, тергөө тобунун жетекчиси бул маселе боюнча Москвага кетти, ал жерде тажик КВН командасынын чыгымдары тууралуу маалыматты текшерет. Мындан тышкары тажик эл шайырларынын Орусия сахнасында сүйлөгөн создөрүнүн толук версиясы жазылган видеону алат.

​Хайрулло Мирсаидовго каршы Тажикстандын Кылмыш кодексинин “Каражатты менчиктеп алуу же ашыкча пайдалануу”, “Улуттук, расалык өч алуу же диний араздашуу”, “Жалган документтерди жасоо, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр-штамптарды даярдоо” жана “жалган маалымат таратуу” деген айыптар тагылган.

Тажикстан КВН команда капитанынын атасы Согди облусунун Жаштар жана спорт иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси отставкага кеткенден кийин уулунун иши адилет тергелер деген үмүт пайда болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG