Ссылки доступа

АКШ Орусияга карата басымды күчөтүүгө чакырууда


Кошмо Штаттар союздаштарын жана башка өлкөлөрдү Орусияга карата саясатты катаалдаштырууга жана мурдагы супердержава дүйнөлүк айдыңда “абийирдүү оюнчу” болгонго чейин басым көрсөтүүнү улантууга чакырды.

Бул тууралуу Акүйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс билдирди. Ал АКШ президенти Дональд Трамптын эгер Москва менен мамилени оңдоого мүмкүн болсо, бул бүтүндөй дүйнө үчүн жакшы болот деген сөзүн эске салды.

Муну менен Сандерс улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Герберт Макмастердин билдирүүсүнө комментарий берди.

Макмастер Орусияны “дүйнө жүзү боюнча агрессиясын күчөтүп жатат” деп айыптаган. АКШ Орусиянын мизин болушунча кайтара албаганын, буга байланыштуу “Кремлдин өзүнө ишеними күчөп баратканын ” белгилеген.

Макмастер АКШ Орусиянын Башкы чалгындоо башкармалыгынын мурдагы полковниги Сергей Скрипаль менен кызынын ууланышына байланыштуу орусиялык дипломаттарды өлкөдөн чыгарганын кубаттады.

Анын айтымында, өлкөдөн чыгарылган дипломаттар Американын саясатына кийлигишүүгө аракет кылышкан жана аларды кууп таштоо Орусия тараптан жалган маалыматтардын тарашына бөгөт болот.

XS
SM
MD
LG