Ссылки доступа

Казакстанда Telegram мессенджерине бөгөт коюлушу мүмкүн (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Азия: Казакстанда Telegram мессенджерине бөгөт коюлушу мүмкүн. Казакстан бийлиги Telegram ээлерине «Демвыбора Казахстана» аттуу топ өчүрүлбөсө, мессенджерге бөгөт коюларын эскертти. Кыргызстандын эки-президенти бийлигин жоготуп, мураскерине таасир эте албайт. Тажикстанда СССР доорунан бери алгачкы жолу орус-тажик сөздүгү басылып чыкты, нускасы – 250 даана. (видео)

- Атамбаев бийлигин жоготуудабы? Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди оппозициячы деп атай башташты. Де-факто саясатчынын партиясы парламентте көпчүлүктү түзүп, премьер-министрлик менен өлкө башында өзү көрсөткөн адамдар турат. Бирок депутаттар менен талдоочулар Атамбаев бийлигин жогото баштаганын билдиришүүдө. (Кыргызстандан видео)

- Түркия, Орусия жана Ирандын катышуусундагы үч тараптуу саммит. "Сириянын аймактык бөлүнүшүнө жол бербейбиз", деп билдирди Ирандын президенти Хасан Роухани (видео)

- Анкарада Путин, Эрдоган жана Роухани эмнелер жөнүндө сүйлөштү? (Инфографика)

- Кабулда Коргоо министрлигинин бомбалары жарылып кетти (видео)

- Көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жеке ажатканалар. Кызылордодо жашоочулар көчөдөгү дааратканаларды колдонушат (видео Директ)

- «Крымдагы тыңшоо»: Крымда телефон аркылуу эмне жөнүндө сүйлөшпөгөн жакшы? Telegram мессенджери Орусия ФСБсы менен кызматташуудан баш тартууда. (Директтен видео)

- Оштун тургуну теңтуштарын светтик билим алууга чакырууда.(Кыргызстандан видео)

- Орусияда Telegram мессенджерине бөгөт коюлабы? ФСБ: мессенджер менен террорчулар колдонот. (Настоящее время)

- Сергей жана Юлия Скрипалдын ууландырылышы: бир айдын ичиндеги окуялар. (Директтен видео)

- Химиялык куралга тыюу салуу уюму Солсберидеги ууландырууну кайра иликтөө боюнча Орусиянын сунушун четке какты. (Настоящее время)​

- Министрлер эки ММКдагы тинтүүлөр тууралуу. (Казакстандан видео)

- "Слуцкий, колуңду тарт!". Петербургда Мамдума депутаты Леонид Слуцкийдин отставкасы үчүн акция өттү. (Директтен видео)

- Крымдагы таш "козу карындар". (сүрөт баян)

- Ашхабаддагы «Түркмөнбалык» соода үйү . (сүрөт баян)

- "Бул адамзатка каршы кылмыш". Бир жыл мурун "Новая газета" Чеченстандагы кумасаларга каршы кыйноолор, камоолор, жана өлтүрүүлөр боюнча материалдарды жарыялай баштаган. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG