Ссылки доступа

Астана Душанбеге Кайраккумдагы сууну сарамжалдуу пайдаланууну сунуштоодо


Казакстан Тажикстанга Кайраккум суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө келишимди сунуштады.

Учурда Душанбе Астананын сунушун кароодо. Бул маселе 4-апрелде парламенттик жыйында талкууланды. Тажикстан энергетика жана суу ресурстары министринин орун басары Султон Рахимзода Казакстан Тажик деңизиндеги суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн жардам гана сунуштап жатканын билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан дагы суу сактагычтагы сууну пайдаланууга кызыктар, учурда келишим түзүү боюнча жумуш тобу түзүлдү.

​«Келишимде суу сатуу каралган эмес. Казакстан менен Өзбекстан Кайраккум суу сактагычында жай мезгилинде ири өлчөмдө суу топтоого жардам сунушташууда. Бул көп каражатты талап кылат. Ташкент менен Астана акча берүүгө даяр», - деди Султон Рахимзода.

Аткаминер жыл сайын табият кырсыгы болгон маалда, анын ичинде сел жүргөндө Казакстан менен Өзбекстан өлкөгө гуманитардык жардам жөнөтүп турарын белгиледи.

«Бул жардам табият кырсыктарынын алдын алууга, ирригациялык системаларды калыбына келтирүүгө, ири суу сактагычтарда сууну топтоого жана сактоого шарт түзүүгө багытталса жакшы болмок. Натыйжада топтолгон сууларды аймактын төмөн бөлүгүндө жайгашкан өлкөлөр ирригациялык максаттарда колдонушмак», - деди Рахимзода.

2008-жылга чейин Тажикстан ирригация үчүн топтолгон сууларды жөнгө салуу боюнча Казакстан жана Өзбекстан менен кызматташып келген. Эки өлкө тең Сырдарыядагы суунун топтолушу үчүн техникалык жана каржылык колдоо көрсөтүп турган.

XS
SM
MD
LG