Ссылки доступа

Рахмон дипломаттарга АКШ ооруканасында жаткан тажик акындын ал-жайын сурап коюуну буюрду (видео)


Бозор Собир АКШда. Архивдик сүрөт

5-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөнүн ТИМ башчысына, АКШдагы тажик элчилигине жана БУУдагы тажик өкүлчүлүгүнө кайрылып, Кошмо Штаттардын Сиэтл шаарынын ооруканасында жаткан акын Бозор Собирдин ал-жайын сурап, анын сакайып мекенине кайтып келүүсү үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Белгилүү тажик акыны жакында эле АКШда жашаган балдарыныкына кеткен. Кечээ анын Сиэтл шаарында ооруканага жатып калганы белгилүү болду. Фейсбук колдонуучуларынын бири Бозор Собир жандандыруу бөлүмүндө экенин жазды.

Акындын жубайы Гүлчехра Собир анын абалы оор экенин билдирди. Айтымында, Бозор Собирдин ооруканада жатканына бир жумадан ашты. «Акыркы кездери ал жүрөгү ооруп жатканын айтып калчу. Азыр палатада жанындамын. Абалы начар», - деди ал.

Бозор Собир вернулся в Таджикистан, чтобы отпраздновать Навруз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:53 0:00

Бозор Собир 79 жашта. 1962-жылы Тажик мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1970-1980 –жылдары өлкөдөгү эң популярдуу акындардын бирине айланып, 80-жылдардын соңунда Тажикстан демократиялык партиясына мүчө болгон. 1990-жылы тажик парламентине депутаттыкка шайланган акын ушул күнгө чейин мандатын өз эрки менен тапшырган жалгыз эл өкүлү болуп келет.

Бозор Собир – Тажикстандын эл акыны, Абуабдулло Рудаки атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.

XS
SM
MD
LG