Ссылки доступа

Алматы: көп кабаттуу үйдөгү өрттөн улам 300 киши эвакуацияланды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Алматынын Көкжиек кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдө ири өрт катталды.

Жергиликтүү Чукул кырдаалдар кызматынын маалыматы боюнча, өрт беш кабаттуу үйдүн биринчи жана экинчи кабаттарындагы балкондо тутанган. Андан соң жогорку кабаттарга өтүп, жыйынтыгында үйдүн чатыры толугу менен күйүп кеткен.

Имараттан 300 киши эвакуацияланып, жакын жайгашкан мектепке жайгаштырылганы кабарланууда. Азырынча каза болгондор жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтар жок. Өрт жайылган жалпы аянт 1100 чарчы метрди түзгөн.

25-мартта Орусиянын Кемерово шаарында жайгашкан «Зимняя вишня» соода борборунда өрт чыгып, жыйынтыгында 64 киши (алардын көбү балдар) каза болуп, имарат толугу менен жарактан чыккан.

XS
SM
MD
LG