Ссылки доступа

Ашхабадда Стамбул каттамы менен учуп кете албаган жүргүнчүлөр нааразылык билдиришти (видео)


Десятки пассажиров не пропустили на рейс в Турцию
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

Түркмөнстандын ондогон жарандары Ашхабад аэропортунда Стамбул каттамы менен учуп кете албай калышты. “Азаттыктын” түрмөн кызматынын окурмандары Эл аралык аэропортто паспорттук текшерүүдөн жоон топ элдин өтө албай жаткан учур тартылган видеону жөнөтүштү.

Тасма 3-апрелде тартылган. Стамбулга учуп кете албаган жүргүнчүлөр нааразылыктарын билдиришти.

Жүргүнчүлөрдүн айтымында, өлкөдөн чыгуу учүн бардык документтерди топтогондор, анын ичинде бизнес класс үчүн билет алгандар дагы паспорттук текшерүүдөн өтө алышкан эмес.

Ашхабад Эл аралык аэропортундагы миграция жана чек ара кызматтары Түркияга учуп кетүүгө эмне себептен уруксат берилбей жатканын түшүндүрүшкөн жок.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы өткөн айда Стамбул жана Дубай каттамдарына коё берилбеген жарандар “кара тизмеге” киргизилгенин кабарлаган.

XS
SM
MD
LG