Ссылки доступа

Тажикстанда чет өлкөгө акча которуу жеңилдетилди


Тажикстандын Улуттук банкы чет өлкөлөргө акча которууга киргизилген чектөөлөрдү жеңилдетти. Мындан ары тажик жарандары банк аркылуу башка өлкөлөргө күнүнө 10 миң АКШ долларына чейин жөнөтө алышат. Буга чейин уруксат берилген сумма 3 миң доллардан ашпашы керек болчу.

Маалыматка караганда, чет өлкөгө акча которуу системасына сунушталган өзгөртүүлөр быйыл мартта даярдалып, Юстиция министрлиги тарабынан жактырылгандан кийин өлкөнүн бардык банктарында иштей баштады.

«Буга чейин жарандар чет өлкөгө күнүнө 27 миң гана сомони жөнөтө алышчу. Азыр болсо 87,5 миң сомони жөнөтүүгө мүмкүн болуп калды. 10 миң доллардан ашык сумма жөнөтүү үчүн банктан эсеп ачуу керек болот, калган учурларда андай зарылчылык жок», — деди Душанбедеги «Эсхата» банкынын өкүлү Анвар Сатторов.

Улуттук банк кызматкеринин айтымында, чет өлкөлөргө акча которуудагы чектөөлөр былтыр, өлкөнүн банк системасында маселелер жаралганда киргизилген. «Өткөн жылы өлкөдөгү эки ири банк кризиске кептелип, каражаттын чет өлкөгө агымын токтотуу үчүн ушундай кадамга барганбыз», — деди ал.

XS
SM
MD
LG