Ссылки доступа

Өзбекстан Казакстан жана Түркмөнстан менен кесилишкен райондорду аныктоо келишимин ратификациялады


Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 2-апрелде Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан менен мамлекеттик чек аралардын кесилишкен тилкелери  боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.

Документ 5-январда Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан кабыл алынып, 29-мартта сенат колдогон. Үч тараптуу документке 2017-жылы 10-сентябрда Самаркандда Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан тышкы иштер министрлери кол коюшкан.

«Бул тарыхый документ, себеби мамлекеттик чек араларды укуктук жактан бекитүүгө чекит коёт», – деп билдирди сенаттын маалымат кызматы.

Келишимде Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандын чек араларынын кесилишкен жерлери аныкталган. Мындан тышкары ал жерлер биргелешип түзүлгөн топтографиялык картага киргизилген.

XS
SM
MD
LG