Ссылки доступа

Орусияда терроризмге айыпталган жети мигрант соттолду (аудио)


Орусияда Москва, Санкт-Петербург жана Екатеринбург шаарларында бир катар теракттарды пландоого жана “Ислам мамлекети” экстермисттик тобуна катышы бар деп айыпталып жаткан өзбек мигранттарына карата сот жараяны аягына чыкты.

Приволжский аймактык аскер соту Кыргызстан жана Өзбекстандан келген жети кишини терроризм, мыйзамсыз курал-жарак сатуу, жардыруучу заттарды сактоо боюнча күнөөлүү деп тапты. Алар 12 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратылды. Өзбекстандык Козим Абдуллажоновдун туугандары жана адвокаттары ФСБ тарабынан тагылган айыптоолор сотто тастыкталбаганын билдиришүүдө.

– Козимжон жана калган алты кишини ИМ тобунун Екатеринбургдагы уячаларынын мүчөлөрү болгон жана «Карнавал» соода борборун жардырууга аракет жасаган деп күнөөлөшүүдө. Бирок бири бирине дал келбеген жагдайлар көп. Козимжон эртең мененки саат алдыда күрмөчөн отуруптур, анан ФСБ кызматкерлери келип, граната таап алышыптыр. Эң эле кызыгы, соттолгон дагы эки киши дал ушундай жагдайда кармалган. Алгач оперативдүү топ калыс-күбөлөрсүз “тинтүү” уюштурган, андан соң гана тергөөчү калыс-күбөлөр менен келген, – деди адвокат Денис Гудков.

В Екатеринбурге узбекские мигранты получили тюремные сроки от 12 до 17 лет
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:14:19 0:00
Загрузить файл

Денис Гудковдун айтымында, сот жабык режимде өттү. Адвокаттар тергөө мыйзам бузуулар менен коштолгонун, кыйноолор болгонун билдиришти, бирок сот аларды эске алган жок.

Гудков өзбек мигранттарынын соттолушу боюнча жогорку инстанцияга, анын ичинде Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылууга ниеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG