Ссылки доступа

Өзбекстан Тажикстанга газ бере баштады


Алты жылдык тыныгуудан соң Өзбекстан Тажикстанга газ бере баштады. "Узбекистон-24" телеканалы кабарлагандай, Музрабат-Дүйшөмбү газ кууру аркылуу учурда бир районду толук камсыздоого жетчү көгүлтүр от жеткирилүүдө.

Берилген газдын көлөмү жакын арада көбөйөт. Аталган куурдун кубаты саатына 125 кубметрге барабар.

Газ жеткирүү боюнча Ташкент менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы келишимге быйыл мартта, өзбек президенти Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барганда кол коюлган.

Ага ылайык, быйылкы жылдын эсеби боюнча жалпы наркы 15,1 миллион долларга бааланган 126 кубметр газ жеткирүү каралган.

Эки мамлекеттин ортосундагы газ куурлары 2012-жылы үзүлгөн болчу.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда эки өлкөнүн ымаласы начар болгон.

XS
SM
MD
LG