Ссылки доступа

Президент Жээнбековдун Түркиядагы сапары башталууда


Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга расмий сапары башталат. 9-10-апрель күнгө пландалган сапар алкагында мамлекет башчы түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган, өкмөт башчы Биналы Йылдырым жана Улуу улуттук кеңештин төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бүгүн президент Анкарадагы Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коет.

Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, вице-премьер-министр Санжар Мукамбетов, экономика министри Артем Новиков, айыл чарба министри Нурбек Мурашев, Социалдык фонддун торагасы Тенизбек Абжапаров, Спорт, дене тарбия жана жаштар иштери боюнча агенттиктин башчысы Канат Аманкулов, инвестицияны илгерилетүү агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Акылбек Жамангулов, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов бар.

Данияр Сыдыков "бул сапар Түркия менен эң жогорку деңгээлдеги саясий диалогду, кыргыз-түрк кызматташтыгынын олуттуу маселелери боюнча пикир алмашууларды калыптандырууга, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана ар тараптан тереңдетүүгө түрткү болот", - деп билдирди.

Сапардын алкагында техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу, спорт, айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташтык, инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо, социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашууларга, басма сөз жана маалымат чөйрөсүндө кызматташуу боюнча протоколго кол коюу пландалууда.

Кыргыз президенти Түркиядан кийин Брюсселге барып, 11-12-апрелде Европа Биримдигинин аткаминерлери менен жолугушат.

Анкара өзүнө душман санаган Фетхуллах Гүлендин кыргыз-түрк лицейлерине тиешеси бар экени айтылып, Кыргызстандын мурдагы бийлиги менен Түркиянын ымаласы соңку жылдары муздай түшкөн эле. Ушундан улам серепчилер Жээнбековдун бул сапары маанилүү болгонун белгилеп жатышат.

Кыргыз президенти Түркиядан кийин Брюсселге барып, 11-12-апрелде Европа Биримдигинин жетекчилери менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG