Ссылки доступа

Актөбөдөгү кол салууда жаракат алган жарандын абалы туруктуу


Казакстандын Актөбө облусунда кыргыз номуру тагылган кичи автобуска кол салуу маалында жаракат алган орусиялыктын абалы «оор, бирок туруктуу» деп бааланууда. Бул тууралуу жергиликтүү медиктер кабарлашты.

«Ал жандандыруу бөлүмүндө. Травматикалык шок абалынан чыкты. Кол салуу болгондо көкүрөк клеткасы, кабыргасы, сөөгү, ийининен жаракат алып, көп кан жоготкон. Жалпы абалы оор, туруктуу. Бейтап жашап кетет», — деди дарыгерлердин бири.

6-апрелге оогон түнү Актөбө шаарына жакын жерде белгисиз адамдар Кыргызстандан Орусияга бараткан кыргыз номурлуу кичи автобуска кол салып, андагылардын акчасын, алтын буюмдарын алып кетишкен. Кол салуудан автобустун жүргүнчүсү жаракат алган. Анын алдында кичи автобус бузулуп, айдоочу Актөбөгө тетик алып келүүгө кеткен. Кайра келип, укук коргоо органдарын жана "Тез жардам" чакырган. Актөбө облустук ички иштер департаменти бул окуя боюнча тергөө амалдары башталганын билдирди.

Актөбө облусу аркылуу күн сайын жүздөгөн транзиттик автоунаалар жана автобустар өтүп турат.

XS
SM
MD
LG