Ссылки доступа

Тажикстан Түркиядан «Группа 24» кыймылынын жетекчисин өткөрүп берүүнү өтүндү


Насим Шарипов менен Сухроб Зафар
Насим Шарипов менен Сухроб Зафар

Тажикстан Түркиядан өлкөдө тыюу салынган «Группа 24» кыймылынын эки активисти Сухроб Зараф менен Насим Шариповду экстрадициялоону өтүндү. Эки оппозициячы тең 19-мартта түрк полициясы тарабынан Стамбулда кармалган.

10-апрелде Тажикстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Умаржон Эмомали «Группа 24түн» активисттерин өткөрүп алуу боюнча түрк бийлиги менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди.

Анын айтымында, кыймылдын башчысы Сухроб Зафар (Тураев) менен активист Насим Шарипов издөөдө жүрүшкөн, ошондуктан Тажикстан Түркияга аларды экстрадициялоо өтүнүчү менен кайрылган.

Ал ортодо Түркиянын конституциялык соту суралып жаткан эки активистти экстрадициялоону 3 айга токтотту. Бул аралыкта тиешелүү органдар аларга карата мекенинде тагылган айыптоолор боюнча иликтөө жүргүзүшөт.

Сухроб Зафар менен Насим Шариповдун кармалганына дээрлик бир ай болду. «Группа 24» кыймылы оппозициячылар Тажикстандын атайын кызматынын кайрылуусу менен кармалган деп эсептөөдө. Буга чейин кыймылдын өкүлү Саидали Ашуров түрк бийлиги саясий негизде айыпталып жаткан активисттерди бошотот деген үмүтүн билдирген.

Анын айтымында, Сухроб Зафар мекенинде күч менен конституциялык түзүмдү кулатуу чакырыктарын жасаган деп айыпталууда. Ошондой эле анын ысымы терроризмге тиешеси бар адамдардын тизмесине дагы киргизилген.

XS
SM
MD
LG