Ссылки доступа

Түркмөн өкмөтү Гарлык тоо-кен комбинатын куруудагы маселелерди талкуулады


Түркмөнстан калий жер семирткичтерин чыгаруучу Гарлык комбинаты курулгандан бир жыл өткөндөн кийин кемчиликтерди таап, беларус тарапка доомат койду.

Маалыматтарга караганда, Беларус ишканасы курган Гарлык калий жер семирткич чыгаруу комбинатын куруудагы маселелер 6-апрелде Түркмөнстандын өкмөт жыйынында талкууланды.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов комбинаттын жана автомагистралдын курулушу боюнча кеңири документ топтоону тапшырып, бул долбоорлор түркмөн экономикасы үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Лебап облусундагы калий жер семирткичтерин чыгарган тоо-кен байытуучу комбинат жана Ашхабад-Түркмөнабад автомагистралын куруу үчүн Түркмөнстан өндүрүшчүлөр жана ишкерлер бирикемесине жеңилдетилген шартта 3 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө насыя берилген.

Комбинат былтыр 31-мартта Беларусиянын президенти Александр Лукашенконун Түркмөнстанга жасаган сапары учурунда ачылган.

Баасы 1 миллиард долларга бааланган бул комбинат жылына 1,4 миллион тонна жер семирткич өндүрөт. Өндүрүлгөн продукция Түркмөнстандын эле муктаждыгын жойбостон, аны башка өлкөлөргө дагы экспорттоо каралган.

XS
SM
MD
LG